Кыргызстанда 30-сентябрда карызы барларга газ берүү токтотулат
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы 30-сентябрда жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерге газ берүүнү токтотот. Карызды 30-сентябрга чейин төлөө зарыл.
Өчүрүлгөндөн кийин газ берүүнү кайра калыбына келтирүү үчүн абоненттер газ боюнча карызын толугу менен төлөшү керек. Төлөмдү «Мой газ», «Мой дом» тиркемелери жана банктардын мобилдик тиркемелери (BAKAI, MBank ж.б.) аркылуу же абоненттерге кызмат көрсөтүүчү жакынкы офистен жүргүзсө болот.
Газ берүү карыз төлөнгөндөн кийин эки-үч жумушчу күндүн ичинде кайра калыбына келтирилет.
Суук түшөр алдында газсыз калбоо жана кайра туташтырууга пайда болуучу кезектен качуу үчүн «Газпром Кыргызстан» абоненттерден карызды 30-сентябрга чейин төлөөнү суранат.