USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте 12- кичирайонунда бир нече коомдук тамактануучу жай өрттөнүп кетти

09:43, 25 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги 12- кичирайонунда бир нече коомдук тамактануучу жай өрттөнүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Жетикашкаева көчөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен эрте түшкөн. Саат 3.22де өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүүчү эсеп тартылып, саат 4.36да өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Социалдык тармактарда «Бегемот» жана «Оазис» фастфуд даярдоочу жайлары өрттөнүп кеткени кабарланууда.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18