Бишкекте биринчи жолу эл аралык мушташ өнөрү оюндары өтөт
Бишкекте биринчи жолу эл аралык мушташ өнөрү оюндары өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Кунг-фу файтинг боюнча мелдештер 1 жана 2-октябрга, ал эми джит кун до боюнча 4-5-октябрга пландаштырылган.
Алар салттуу түрдө Эл аралык мушташ өнөрү оюндары комитетинин (IMGC) эгидасы астында өтөт.
Мурдараак Кыргызстандын тхэквондо федерациясынын президенти Артур Медетбеков IMGC ар кандай улуттук комитеттерди жана эл аралык федерацияларды бириктирип, эл аралык аренада мушташ өнөрүн чагылдырууда маанилүү роль ойной турганын билдирген.