Казакстанда аза күтүү күнү: Курман болгон аскерлердин саны 12ге жетти
Казакстанда бүгүн, 25-сентябрда, Мангистау облусунда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда аскер кызматкерлеринин каза болгондугуна байланыштуу улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы билдирди.
Кечээ аскердик-деңиз машыгуулары учурунда аскер кызматкерлерин Каспий деңизине агызып кеткен. Алар жээкте машыгуу-жүргүзүү тапшырмаларын аткарып жатканда аба ырайы кескин начарлап, шамал күчөгөн.
Адегенде деңизге 19 аскер кызматкерин агызып кеткени кабарланган. Кийинчерээк Мангистау облусунун акимчилиги маалыматты тактап, 17 адам болгонун билдирди.
Учурда 12 аскер кызматкери каза болуп, үчөө куткарылганы белгилүү. Куткарылгандардын бири ооруканада. Калгандарын издөө иштери уланууда. Окуя болгон жерге куткаруучулар жөнөтүлдү.
Кырсыкты иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. Аны премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаев жетектеди. Комиссия трагедиянын себептерин аныктап, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүшү керек.
Аскер кызматкерлеринин өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Тергөөчүлөр окуянын бардык жагдайларын аныктап жатышат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров аскерлердин курман болгондугуна байланыштуу Казакстандын башчысына көңүл айтты.