Владимир Высоцкийдин жубайы, атактуу актриса Марина Влади дүйнөдөн кайтты
Актриса жана ырчы Марина Влади 88 жашында каза болду. Ал Владимир Высоцкийдин жубайы болчу. Актрисанын өлүмүнүн себеби ачыкталган жок.
Марина Влади (туулгандагы аты-жөнү Екатерина-Марина Полякова-Байдарова) — 80ден ашык тасмада роль жараткан теги орустардан чыккан француз актрисасы. 1963-жылы ал «Аралар энеси» тасмасындагы эң мыкты аялдын ролу үчүн Канн кинофестивалынын байгесин алган.
СССРде ал 1956-жылы «Сыйкырчы» тасмасы экранга чыккандан кийин өзгөчө популярдуулукка ээ болгон, бирок көпчүлүк аны эң оболу Владимир Высоцкийдин жесири катары билишет. Ал Высоцкийге 1970-жылы — анын өлүмүнө 10 жыл калганда турмушка чыккан.
Ал Высоцкий жөнүндө «Владимир, же үзүлгөн учуш» деген китеп жазып, ушул эле аталыштагы спектаклди сахналаштырган.
Совет доорунда актриса орус режиссёрлорунун тасмаларына көп тартылып, карыганга чейин орус тилинде ырларды бат-баттан аткарып турган.
Үй-бүлөсүнүн билдиргенине караганда, Марина Влади «үйдө, жакындарынын жана үй жаныбарларынын курчоосунда» каза болгон.

