USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте «Улуу-Элес» II эл аралык балет артисттеринин сынагы өтөт

08:30, 25 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

3—9-ноябрында Бишкек шаарында көрүнүктүү балерина, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган «Улуу-Элес» II эл аралык балет артисттеринин сынагы өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры тарабынан уюштурулуп, балет өнөрүн өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана Бүбүсара Бейшеналиеванын чыгармачылык мурасын даңазалоого багытталган.

Сынакка балет артисттери, кесиптик хореографиялык окуу жайлардын студенттери жана хореографтар катышат. Калыстар тобуна дүйнөлүк балет өнөрүнүн таанымал өкүлдөрү кирет. Сынактын көркөм жетекчиси — Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айзада Тумакова.

Башкы сыйлык — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Гран-при 200 миң сомду түзөт. Ошондой эле байгелүү орундар үчүн акчалай сыйлыктар, дипломдор жана атайын номинациялар каралган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18