USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандык балбандар Южно-Сахалинск шаарында PWL турниринде күч сынашат

07:45, 25 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбандар 26-сентябрда Южно-Сахалинск шаарында өтө турган Professional Wrestling League — PWL Junior эл аралык турнирине катышат.

Эл аралык мелдешке Азербайжан, Молдова, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркия, Орусия жана Франциядан келген спортчулардын катышуусунда жалпысынан 15 беттеш пландаштырылган.

Беттештер Южно-Сахалинск шаарындагы Мектептик мушташ өнөрү борборунда өтөт. Башталышы — Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө.

Кыргызстандын намысын бул турнирде Рустамжан Кахаров (70 кг чейин), Адилет Акылбеков (74 кг чейин) жана Жакшылык Байташов (79 кг) коргошот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18