USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Азия оюндары-2026: Денис Петрашов күмүш медалына ээ болду

16:00, 24 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, спортсмен алгачкы жарышта 2:11.13 убакытта сүзүп келип, биринчи орунду камсыздаган.

Денис Петрашов күмүш медалына ээ болду

Финалдык жарышта Денис Петрашов 200 метр аралыкты 2:08.67 убакытта сүзүп өттү.

Жыйынтыгында спортсмен экинчи орунду ээлеп, Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду.

Эске салсак, Петрашовдун күмүш медалы Кыргызстан үчүн бул мелдештеги төртүнчү байге болуп калды. Буга чейин өлкө өкүлдөрү ММА боюнча үч коло медаль багындырышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18