БШК: «Президенттик шайлоонун болжолдуу бюджети 1,2 миллиард сомду түзөт»
Президенттик шайлоону өткөрүүгө каралган болжолдуу бюджет 1 миллиард 200 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу 24.kg басылмасына БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы чыгымдардын бардык беренелерин дагы бир жолу карап чыгып, аларды оптималдаштыруу боюнча аракеттерди көрүүнү пландап жатат.
«Чыгымдарды мүмкүн болгон жерлердин баарынан кыскарткыбыз келет. Эгерде сарптоолор аз болсо, калган каражаттарды башка социалдык муктаждыктарга багыттоого болот. Акыркы бюджетти эртең бекитебиз», — деп кошумчалады Тынчтык Шайназаров.
БШК башчысы ошондой эле депутаттардын шайлоодо лотерея өткөрүү жана шайлоочуларды кызыктыруу боюнча сунуштары да шайлоо бюджетин талкуулоодо каралаарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш кезектеги президенттик шайлоо күнүн — 2027-жылдын 27-январын дайындады.