USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте дайынсыз жоголгон 15 жаштагы өспүрүм изделүүдө

15:05, 24 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 2011-жылы туулган Нуриэль Темирланов изделүүдө. Бул тууралуу Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, өспүрүм 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү саат 04:00 чамасында Гагарин жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: чачы кара, кыска, бою 170–175 сантиметр, дене түзүлүшү орто.

Өспүрүмдүн эмне кийип жүргөнү белгисиз.Милиция зарыл болгон издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Нуриэль Темирлановдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандардан төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранышат: 0312 35-26-05, 0312 35-12-70 же 0224 21-43-46.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18