Жүк ташуучу унаадан тогуз миңге жакын эсепке алынбаган идиш-аяк табылды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда ири партиядагы эсепке алынбаган продукцияны аныкташты.
Унааны пломбадан бошоткондон кийин салыкчылар ичиндеги товарды коштоочу жана эсептик документтер менен салыштырып чыгышкан.
Натыйжада документтерде көрсөтүлбөгөн 280 куту айнек буюмдары жана ашкана идиш-аяктары табылган. Кутуларда жалпысынан 8 миң 720 даана продукция жана алардын топтомдору болгон. Товардын баасы кийинки текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө белгиленет.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык кызматы тиешелүү актыларды түзүп, юридикалык баа берүү үчүн материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берет.