USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ЖКда шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн коомдук палата түзүү сунушталды

13:21, 24 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова жарандар шайлоо тилкелериндеги добуш берүү процессине реалдуу убакыт режиминде көз сала алышы үчүн байкоочулардын коомдук палатасын түзүүнү сунуштады.

Ал мындай тажрыйба Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоодо колдонуларын айтты. Кожокулованын сөзү боюнча, бардык партиялардын жетиштүү санда байкоочулары боло бербейт, ал эми ачык видеотрансляциялар жарандарга башка шаарлардагы добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салууга мүмкүндүк берет.

«Жаран Бишкекте туруп эле Ошто жана башка шаарларда шайлоо кандай өтүп жатканын көрө алат эле», — деп түшүндүрдү депутат.

Анын пикиринде, бул добуш берүүнүн жүрүшү боюнча талаш- тартыштарды азайтууга жардам берет. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров БШКда видеобайкоо системасы бар экенин кабарлады

Анын айтымында, комиссияда 2 миң 619 шайлоо тилкесинен түз эфирде трансляцияны көрүүгө боло турган 24кө жакын монитор орнотулган.

Шайназаров каалоочулар конкреттүү тилкеден трансляцияны көрсөтүү өтүнүчү менен БШКга кайрыла аларын билдирди. Ал Кожокулованын сунушун колдоп, байкоочулардын коомдук палатасын түзүү маселесин иштеп чыгууну убада кылды.

Депутат кеп БШК кызматкерлеринин видеотрансляцияларга жеткиликтүүлүгү жөнүндө гана эмес, каалаган жаран шайлоонун жүрүшүнө өз алдынча байкоо жүргүзө турган өзүнчө аянтчаны түзүү тууралуу болуп жатканын тактады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18