USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкек мэринин мурдагы орун басары Азамат Кадыров кармалганы айтылды

10:53, 24 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте калаанын мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров кармалды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына өздүк булактар билдирди.

Ал кайсы кылмыш ишинин алкагында кармалганы азырынча тактала элек.

Бишкек мэринин мурдагы орун басары Азамат Кадыров кармалганы айтылды

Укук коргоо органдары тарабынан азырынча расмий маалымат бериле элек.

Эскерте кетсек, Азамат Кадыров Бишкек шаарынын вице-мэри кызматын 2023-жылдын ноябрь айынан тарта иштеп келген. Ал жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелерин көзөмөлдөгөн. 2026-жылдын июнь айында Кадыров вице-мэрлик кызматынан кеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18