USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Азия оюндары −2026: Дзюдо боюнча Кыргызстан курамасы аныкталды

10:03, 24 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Японияда өтө турган Азия оюндарында медалдар үчүн мелдешке чыга турган дзюдо боюнча Кыргызстандын эркектер жана аялдар курама командаларынын курамы белгилүү болду.

Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) маалыматы боюнча, Нагоядагы турнир 30-сентябрда башталат. Азиада-2026га катышуу үчүн 32 өлкөдөн 203 дзюдочу катталган.

Кыргызстандын намысын эркектер курамасынан 7, аялдар курамасынан 6 спортчу коргойт:

  • Түгөл Канатбек уулу;
  • Кубанычбек Айбек уулу;
  • Нурмухаммед Бакирдинов;
  • Тегин Алмазжан уулу;
  • Эрлан Шеров;
  • Даут Полтушев;
  • Эмирхан Жолдошказиев;
  • Сабира Кожомбердиева;
  • Жанар Жолдошева;
  • Адина Кочконбаева;
  • Алина Молдокулова;
  • Айганыш Жумалиева;
  • Айдеми Калыева.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18