Тажикстанда жер титирөө болуп, анын силкинүүсү Кыргызстанда да сезилди
Тажикстанда жер титирөө катталып, анын силкинүүсү Кыргызстанда да сезилди. Кыргызстан Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, очогунда күчү төрт баллга жакын жер титирөө 23-сентябрда саат 06:03тө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында — Каравшин айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Жаңы-Турмуш айылынан 43 чакырым түштүктө, Раззаков шаарынан 56 чакырым түштүк-чыгышта, Лейлек айылынан 55 чакырым түштүк-батышта жана Баткен шаарынан 117 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер силкинүү Каравшин жана Жаңы-Турмуш айылдарында 2,5 баллга жеткен.