USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Азия оюндары −2026: Кыргызстандын ММА курамасы медалдык эсепте 7-орунду ээледи

09:03, 24 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында аралаш мушташ өнөрү (ММА) боюнча Кыргызстандын курама командасы командалык эсепте жетинчи орунга чыкты.

Биринчи орунду Тажикстандын балбандар командасы ээледи. Алар эки алтын жана бир күмүш медаль багындырышты. Экинчи орунда — эки алтын жана бир коло медаль утуп алган Казакстан.

Үчүнчү орунду ар бири бирден алтын медаль утуп алган Сингапур менен Таиланд бөлүштү.

Кыргызстандыктар үч коло медалга ээ болушкан:

  • Дастан Каныбек уулу (60 килограммга чейин)
  • Сыймык Жаныбек уулу (77 килограммга чейин)
  • Ырыскелди Дүйшеев (71 килограммга чейин)

Ушуну менен биздин ММА боюнча курама командабыз медалдык эсепте жетинчи орунга жайгашты. Азиада-2026да ММА боюнча жалпысынан алты медаль комплекти ойнотулду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18