Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосу аудиокитеп форматында чыкты
Белгилүү журналист Шайырбек Абдрахманов улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосун аудиокитеп форматына өткөрүү долбоорун ишке ашырууда.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. Аны ишке ашырууга министрлик тарабынан 3 миллион сом бөлүнгөн.
Долбоордун негизги максаты — кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон «Манас» эпосун заманбап аудиоформат аркылуу кеңири аудиторияга жеткирүү, Саякбай Каралаевдин вариантын жайылтуу жана улуттук мурасты жаш муундар арасында даңазалоо.
Аудиокитептин кийинки бөлүктөрү этап-этабы менен жарыяланып турат.