USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу өчөт

08:25, 24 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Мэриядан билдиришкендей, ичүүчү суу «Түндүк» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин берилбейт.

Суу өчүрүлө турган аймактарга Күрөңкеев, Абдрахманов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги аймак, Жибек жолу проспектиси, Айдарбеков көчөсү, БЧК, Саадаев көчөсүнүн Күрөңкеев көчөсүнөн Краснодонцев көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Ала-Арча дарыясынын түндүк тарабындагы аймак жана Маевка айылы кирет.

Мындан тышкары, Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик, Салам-Алик, Ак-Босого конуштарына, ошондой эле Ала-Арча айылына суу берүү убактылуу токтотулат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18