А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры 85- сезонун ачат
Кыргыз улуттук академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры 2026-жылдын 3—4-октябрында 85-театрдык сезонун ачат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
3-октябрда саат 17:00дө көрүнүктүү балерина, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган Михаил Раухвергердин «Чолпон» балети көрсөтүлөт. 60 жылдан ашуун убакыттан бери театрдын репертуарынан орун алып келе жаткан чыгарма кыргыз хореографиялык өнөрүнүн маанилүү чыгармаларынын бири болуп саналат.

4-октябрда саат 17:00дө Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор Насыр Давлесовдун Насирдин Байтемировдун либреттосунун негизинде жазылган «Аста секин: колукту!» музыкалык комедиясы коюлат. Чыгармада жаштардын сүйүүсү, үй-бүлөлүк мамилелер жана өз алдынча чечим кабыл алуу темалары баяндалат.
Башкы ролдорду Мурат Дербишалиев, Салима Маматова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Нуржигит Асанов жана Айзирек Момунова, Бактыбек Алмабеков жана Христина Севостьянова аткарат.
Театрдын 85-театрдык сезону жаңы спектаклдер жана чыгармачылык программалар менен улантылат.