«Бишкекасфальтсервис» ишканасынын карызы 1,5 миллиард сомдон ашты
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жалпы кредитордук карызы 1 миллиард 544 миллион сомго жетти. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.
Муниципалдык ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, 2026-жылы шаар боюнча жолдорду капиталдык оңдоого жалпысынан 1,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Анын ичинде:
- 709 миллион сому — "Бишкекасфальтсервиске«,калган каржылоо райондор боюнча каралган: Свердлов районуна — 160 миллион сом,Биринчи май районуна — 167 миллион сом,
- Ленин районуна — 250 миллион сом,
- Октябрь районуна — 191 миллион сом.
Депутат Казыбек Эргешов дүйнө жүзүндө муниципалдык жол ишканалары жана заводдор туруктуу киреше алып келүүчү сектор экенин белгиледи.
«Аларда мамлекеттик жана муниципалдык буйрутмалардын кепилденген ири көлөмү, олуттуу базасы бар. Биздин «БАСтын» да заводу бар болчу, кийин аны мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында коммерциялык базар куруу үчүн берип жиберишкен. Жеке ишкерлер киреше алып жатышат, ал эми бюджетке бир тыйын да салык төлөшпөйт. Ошол эле учурда «БАС» бош турат, шаардагы жолдордун эң көп дегенде 20 пайызын, балким, болгону 15 пайызын гана оңдойт. Биз «Бишкекасфальтсервистин» чоң штатын багып жатабыз.
Анда бул ишкананын такыр эле кереги эмне? «БАС» бүгүнкү күндө ортомчу катары чыгууда — тендерлерди жарыялайт, ошол эле жеке компаниялар утуп алып, субарендага беришет. Жыйынтыгында жолдордун сапаты начар деген арыздар түшөт — камырдай болуп чоюлуп кетет. Ишканага өзгөчө көңүл буруу керек. Эгерде «БАС» шаардагы жолдордун жок дегенде 40-50 пайызын оңдосо, анда өнүгө баштамак», — деп эсептейт эл өкүлү.