USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы иш сапары менен Кытайга барды

14:01, 23 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарына барды. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, ошондой эле бир катар компаниялардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Бүткүл дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө катышып, иш-чаранын ачылыш аземинин алкагында сөз сүйлөйт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18