USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкек ЖЭБинде жылытуу сезонуна даярдык уланууда

12:25, 23 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Борбор калаанын Жылуулук электр борбору 2026-2027-жылдардагы жылытуу сезонуна даярдык көрүүнүн алкагында оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда адистер казандарды жана турбиналык жабдууларды пландык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, станциянын негизги өндүрүштүк системаларын текшерип, калыбына келтирип жатышат.

Жумуштар жылытуу сезонуна даярдануунун бекитилген планына ылайык жүргүзүлүүдө. Шаардык бийлик билдиргендей, бул иштер алдыдагы күз-кыш мезгилинде ЖЭБдин ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.

Эскерте кетсек, бир жума мурда муниципалитет ишкана жылытуу сезонуна болжол менен 80 пайызга даяр экенин кабарлаган.

1

Маалымат үчүн

Бишкекте жылытуу сезону абанын суткалык орточо температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо башталат. Жылуулукту берүүнүн так күнүн аба ырайын эске алуу менен мэрия аныктайт. 2025-жылы борбор калаада жылытуу сезону 3-ноябрда башталган.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18