Кыргызстан «Торугарт» аркылуу Кытайга дан экспорттоону макулдашты
Кыргызстан Кытай менен «Торугарт» автожол өткөрүү пункту аркылуу дан продукциясын экспорттоо тууралуу макулдашты. Макулдашууга 22-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун Кытайга Мамлекеттик бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилди.
Жаңы багыт кыргызстандык дыйкандар жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү, анын ичинде Чүй облусунун өндүрүүчүлөрү үчүн Кытай рыногуна дан продукциясын жеткирүүнү көбөйтүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Данды «Торугарт» аркылуу ташууну уюштуруу ошондой эле «Эркечтам» өткөрүү пунктундагы жүктөмдү азайтууга жана айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, тараптар «Торугарт» өткөрүү пунктунун иштөө режимин узартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, кыргызстандык айыл чарба продукциясынын Кытай рыногуна чыгуусун кеңейтүү боюнча кызматташууну улантууну макулдашышты.
Жолугушуунун алкагында Кытайга жылкыларды, кой жана эчкинин термиялык иштетилген эт продукциясын, ошондой эле жаңы үзүлгөн мөмө-жемиштерди экспорттоону жөнгө салуучу үч протоколго кол коюлду.