USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Пайдалуу кеңеш: Кантты алмаштыра турган азыктар аталды

12:07, 23 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кантты ашыкча колдонуу ден соолукка чоң зыян келтириши мүмкүн. Бул тууралуу aif.ru сайтына берген эксклюзивдүү маегинде диетолог Антон Поляков билдирди.

«Кантты кандай түрүндө болбосун ашыкча пайдалануу ден соолукка чоң зыян келтириши мүмкүн. Тиштин эмалы менен көйгөйлөр жаралышы, кандагы канттын кескин көтөрүлүп, кайра кескин түшүп кетиши ыктымал, ошондой эле кант диабетинин өрчүшү жана ичеги микробиомасынын өзгөрүү коркунучу бар. Өзгөчө ашыкча салмакка жана симирүүгө жакын адамдар этият болушу керек», — деп тизмектеди адис.

Диетолог ошондой эле шириндикти жакшы көргөндөр кантты эмне менен алмаштырса болору тууралуу суроого жооп берди.

«Же кантты алмаштыруучу каражаттар менен же болбосо козу карын канты — трегалоза менен алмаштырууга болот. Бул шириндикти жакшы көргөндөр үчүн колдонууга салыштырмалуу коопсуз варианттар», — деди Поляков.

Ошол эле учурда ал эң идеалдуу вариант катары табигый таттуу булактарына өтүүнү атады.

«Бирок эң идеалдуу вариант — кадимки мөмө-жемиштерге өтүү, бөлөкчө айтканда, табигый кантты гана керектөө жана өнөр жай өндүрүшүнөн чыккан кантты колдонбоо», — деп жыйынтыктады дарыгер.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18