Кышка даярдык. Бишкекте энергетиктер көмөк чордондору кубаттуулугун жогорулатты
Бишкектеги «Берлик» көмөкчордонунда экинчи трансформатордун кубаттуулугу 16 миңден 25 миң киловольт-амперге чейин жогорулатылууда. Бул тууралуу борбор калаанын электр тармактар ишканасы билдирди.
Жумуштар каскаддык ыкма менен жүргүзүлүп жатканы белгиленет. Иштер аяктагандан кийин Т-2 трансформаторунун кубаттуулугу 25 миң киловольт-амперге чейин жогорулайт.

Адистер шаардагы электр тармактарын модернизациялоону улантууну пландашууда. Ошондой эле «Кызыл-Аскер» жана «Центральная-3» көмөкчордондорунун кубаттуулугун жогорулатуу каралган.