Азия оюндары −2026: Кыргызстандын волейболчу кыздары Катарды жеңди
Волейбол боюнча Кыргызстандын аялдар курама командасы Японияда өтүп жаткан Азия оюндарындагы акыркы беттешинде жеңишке жетишти.

Буга чейин биздин спортчулар С тайпасында Таиланд, Монголия жана Кытай Тайбэйинин курамалары менен ойноп, бардык беттештерде бирдей 0:3 эсебинде утулуп калышкан. Алар тайпада акыркы орунду ээлешкени менен 9-14-орундар үчүн күрөшүүгө укук алышкан. Жеңилип калгандар ортосундагы жубатуучу беттеште Непал курамасына кайрадан 0:3 эсебинде утулуп калышкан. Ал эми 13-орун үчүн болгон оюнда Катар курамасын жеңип, Азиа оюндарындагы биринчи жеңишин камсыздашты.
Кыргыз Республикасынын аялдар волейбол курама командасы үчүн Азия оюндары биринчи болуп саналат.