Адылбек Касымалиев Кыргызстан улуттук курамасынын жаңы машыктыруучусуна жолукту
Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев улуттук курама команданын жаңы башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз футбол биримдигинин президенти Урмат Абдукаимовду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле башкы машыктыруучуга Кыргызстандын улуттук курама командасынын футболкасын тапшырды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курама командасы Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Мальдив аралдарынын жана Ливандын улуттук курама командалары менен жолдоштук беттештерди өткөрөт.
Беттештердин тартиби:
28.09.2026 | 20:00
Кыргызстан — Мальдив аралдары
04.10.2026 | 20:00
Кыргызстан — Ливан
Учурда улуттук курама команда окуу-машыгуу жыйынына чогулуп, алдыдагы беттештерге даярдык көрүүдө.
Бул окуу-машыгуу жыйыны жана жолдоштук беттештер Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылдагы Азия кубогунун финалдык этабына даярдыгынын маанилүү баскычы болуп саналат.