USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Орусияда 11 кыргызстандыкка 1,9 миллион рублга жакын айлык акысы кайтарылды

14:25, 22 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү республиканын 11 жаранына төлөнбөй калган жалпы суммасы 1 миллион 872 миң рубль айлык акысын алууга жардам берди.

Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин өкүлчүлүккө «Стройинвест» ЖЧК курулуш компаниясынын жетекчилиги тарабынан айлык акы төлөнбөй жатканын билдирген Кыргыстандын жарандарынан жамааттык кайрылуу түшкөн.

Кайрылуудан кийин өкүлчүлүктүн кызматкерлери мекендештердин эмгек укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрүшкөн. Жыйынтыгында эмгек акы боюнча карыз жабыркаган жумушчуларга толугу менен которулуп берилди.

Эмгек министрлигинен эскертишкендей, Орусиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары эмгек укуктары бузулган учурда, анын ичинде эмгек акы же өндүрүштүк кырсыктар үчүн компенсациялар төлөнбөгөн учурда ведомствонун өкүлчүлүгүнө акысыз укуктук жардам алуу үчүн кайрыла алышат.

Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү Малая Полянка көчөсү, 7-үй, 5-курулуш дарегинде жайгашкан. Түз байланыш телефондору: +74951977671, +79250302627.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18