USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ТИМ: Быйыл мунапыс алкагында Кыргызстандан 11 миң чет өлкөлүк чыгып кетти

14:04, 22 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылы мунапыстын алкагында Кыргызстандан 11 миң мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк чыгып кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу билдирди.

Анын айтымында, ТИМ 2024-жылдан тарта Кыргызстанда иштөө үчүн квоталарды бере баштаган.

«Маалым болгондой, мурда кабыл алынган мунапыска ылайык, өлкөдөн 11 миң мыйзамсыз мигрант өз ыктыяры менен чыгып кетти. Биздин эсептөөлөр боюнча, республикада дагы 500-600гө жакын мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк калды. Аларды өлкөдөн чыгаруу иштери уланууда. Чет өлкөлүктөрдөн төлөмдөрү алкагында 5 миң сомдук кошумча жыйым бар. 2025-жылы мындай жыйымдардын жалпы суммасы 250 миллион сомго жакын болгон. Бул каражаттар мигранттарды өлкөдөн чыгаруу чараларын көрүү үчүн Ички иштер министрлигине которулган», — деп белгиледи Сейтек Жумакадыр уулу.

Депутат Медина Кайрылбекова органдар мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдү кантип аныктап жатканына кызыкты.

Министрдин орун басары ТИМде чет өлкөлүктү чакырган тарап тууралуу маалыматтар бар экенин айтты. Мындан сырткары, дал ушул мыйзамсыз мигранттар маселеси менен алектенген ИИМдин Онунчу башкармалыгы бар, ошондой эле бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы иштейт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18