USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын жана Беларусь жарандары үчүн 30 күнгө каттоодон өтүү жоюлат

13:20, 22 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн биринчи окууда Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки өлкөнүн жарандарынын болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Макулдашууга 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган. Анда Кыргызстан жана Беларус жарандарын экинчи өлкөнүн аймагында болгон учурда 30 календардык күндүн ичинде жүргөн жери боюнча милдеттүү каттоодон бошотуу каралган.

Мыйзам долбоорун сунуштап жатып, Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Талантбек Жунушев макулдашууну ратификациялоо жарандардын өз ара сапарлары үчүн бир топң оңтойлуу шарттарды түзөрүн, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык жана туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Жылдыз Садырбаева Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагында кеңейтүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал Беларуста трансплантологиянын өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстан жарандары үчүн тиешелүү операцияларга квота бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Эл өкүлү Чолпон Эсенаманова Беларуста иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарынын болуу жана каттоодон өтүү шарттарына кызыкты.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18