Адылбек Касымалиев Кытайга жумушчу сапары менен барат
13:05, 22 сентября 2026, Бишкек - 24.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ханчжоу (Кытай) шаарына жумушчу сапары менен барат.
Сапардын алкагында Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, ошондой эле бир катар компаниялардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушуулары өтөт.
Мындан сырткары, Министрлер кабинетинин башчысы 5-Бүткүл дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө катышат.