USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Венгрия Кыргызстандын Улуттук тарых музейине китептерди белекке берди

12:35, 22 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Улуттук тарых музейи венгер тараптан китептерди белекке алды. Тапшыруу аземи эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында музейде өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Венгриянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Андрей Букай жана музейдин өкүлдөрү катышты.

Венгрия Улуттук тарых музейине китептерди белекке берди

Белекке берилген басылмалар музейдин китепкана фондун толуктап, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана кыргыз-венгер маданий байланыштарын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстан менен Венгриянын маданий жана гуманитардык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18