USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте эндик чөбүн мыйзамсыз чогултуп, сактап жүргөн жаран аныкталды

11:30, 22 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында сейрек кездешүүчү эндик чөбүнүн тамырларын мыйзамсыз чогултуп жана сактап жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынан билдиришти.

Окуя боюнча Свердлов райондук милициясынын ыкчам тобу чакырылып, жаран жана топтолгон материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Мыйзам талаптарына ылайык, мыйзамсыз чогултулган өсүмдүк материалдары толугу менен конфискацияланууга тийиш. Ошондой эле тартип бузууга жол берген адамга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык ири өлчөмдө айып пул салынышы мүмкүн.

Эндик — сейрек кездешүүчү жана баалуу өсүмдүк. Кыргызстанда аны чогултууга мораторий киргизилген. Өсүмдүктүн тамыры элдик жана салттуу медицинада колдонулат, ал эми өзү тоолуу аймактарда топурактын эрозиясын азайтууга жардам берет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18