USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Кыргызалтынга» күйүүчү-малоочу майлар кампасына 8,6 гектар жер бөлүнүп берилди

11:20, 22 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Жайыл районунда күйүүчү-майлоочу майлар кампасынын курулушу жана эксплуатациясы үчүн «Кыргызалтынга» аянты 8,6 гектар болгон жер тилкеси бөлүнүп берилди. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алды.

Жер тилкеси мурда компанияга акысыз пайдаланууга берилген жалпы аянты 220,9 гектарды түзгөн санитардык-коргоо зонасынан бөлүнүп алынат. Бөлгөндөн кийин санитардык-коргоо зонасына 212,3 гектар жер калат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке жана Жайыл районунун администрациясына профилдик органдар менен биргеликте жер тилкесин бөлүү жана тиешелүү документтерди тариздөө тапшырылды.

Өзгөртүүлөр «Кыргызалтын» ААКнын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды. Токтом он күндөн кийин күчүнө кирет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18