Айыл башчылары муниципалдык кызмат орундарынын реестрине киргизилди
Президент Садыр Жапаров айыл башчысы кызматын Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине киргизди. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы кол койду.
Айыл башчысы кызматы «К-А» категориясындагы административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобуна киргизилди. Бул категорияда жетекчи адис кызматы да бар.
Өзгөртүүлөр калктуу конуштардагы жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүү максатында киргизилди.