USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Кыргыз почтасы» Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди

10:13, 22 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

«Кыргыз почтасы» ААКнын акционеринин ыйгарым укуктары Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алды.

Чечим Кыргызстанды санариптик трансформациялоо жөнүндө Президенттин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды.

Президенттин иш башкармалыгы ошондой эле улуттук санариптик экосистеманын тармактык жөнгө салуучусу жана мобилдик тиркемелер аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, сервистерди жана санариптик документтерди көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп калат.

Телекоммуникация тармагын жөнгө салуу менен Президенттин иш башкармалыгына караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө департаменти алектенет. Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар Минкабга караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында калат.

Муну менен катар, мамлекеттик органдарда жетекчилердин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарларынын кызмат орундары кыскартылат. Бошотулган каражаттарды Финансы министрлиги Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берет.

Токтом менен ошондой эле Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, «Түндүк» мекемесинин, «Кыргыз почтасынын» жана башка түзүмдөрдүн ишин жөнгө салуучу бир катар чечимдер күчүн жоготту деп таанылды.

Документтин негизги бөлүгү расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Айрым нормалар мамлекеттик каттоо процедурасы жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана анын түзүмдөрүнүн иши токтотулгандан кийин, 2027-жылдын 1-январынан тартып аракеттей баштайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18