USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Алыкул фест» поэзия фестивалы: Жеңүүчүлөр аныкталды. Тизме

10:07, 22 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында эл аралык «Алыкул фест» поэзия фестивалынын жыйынтыктоочу этабы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдан илим, адабият жана искусство өкүлдөрү, ошондой эле акын-жазуучулар, жаш калемгерлер жана адабият сүйүүчүлөрү катышты.

Фестивалдын алкагында китеп көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк жарманкеси уюштурулуп, катышуучулар Алыкул Осмоновдун мемориалдык музейи менен таанышты.

Поэзия сынагынын жыйынтыгында:

  • баш байгени Нурлан Камчыбеков;
  • I орунду Нурзада Макеева;
  • II орунду Айгүл Жамангалова;
  • III орунду Махабат Молдалиева алды.

Иш-чара М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын «Өлбөстүккө ода» спектакли менен жыйынтыкталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18