Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы суу алгычтарда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотуларын маалымдайт.
22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, саламаттык сактоо объектилерине, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы башка объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймактарга Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү, темир жолдун жээгиндеги аймак, «Алтын-Ордо», «Кара-Жыгач» конуштары жана «Полицейский городок» кирет.
Ичүүчү сууну убактылуу токтотуу «Контррезервуарлар» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу болууда.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандардан жана уюмдардан ичүүчү суу менен алдын ала камданып алууну өтүнөт.