USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Жаш булбул» төкмө акындардын финалдык айтышы өтөт

08:04, 22 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын арасында республикалык «Жаш булбул» айтышынын финалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, финалдык айтыш 26-сентябрда саат 14:00дө Асман паркынын амфитеатрында өтөт. Ал Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Көйкашка» коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Айтыштын негизги максаты — кыргыздын төкмөлүк өнөрүн кеңири жайылтуу, жаш таланттарды колдоо жана алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө шарт түзүү болуп саналат.

 

Финалдык айтышта төмөнкү 12 жаш акын өнөр талашат:

1. Исаков Сыймык

2. Жайлообаева Касиет

3. Абдыкапарова Айдай

4. Макулбеков Байел

5. Темирбеков Ырыскелди

6. Султанжанова Фарида

7. Кулпеишов Актилек

8. Турсуналиев Зарылбек

9. Имерова Алия

10. Жакыпов Мажит

11. Адыл кызы Айжан

12. Темирали уулу Нурболот

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18