Азия оюндары-2026: Мушкер Ырыскелди Дүйшеев коло медаль жеңди
Жапония өлкөсүндө өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча Ырыскелди Дүйшеев коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал беттештерди чейрек финалдан баштап, Палестиналык Сами Аккавени 3:0 эсебинде жеңген.
Жарым финалдык беттеште Тажикстандын өкүлү Бехруз Хуршедшоданы жеңген. Бирок беттеш аяктагандан кийин Тажикстан тарап апелляция берген.
Кайра түзүлгөн комиссиянын чечимине ылайык, жеңиш Тажикстандын спортсменине ыйгарылып, Кыргызстандын өкүлү үчүнчү орунду ээледи.