Эртең, 22-сентябрда күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +10...+15 күндүз +27...+32
Таласта түнкүсүн +7...+12 күндүз +24...+29
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19 күндүз +28...+33
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6...+11 күндүз +22...+27
Нарында түнкүсүн +2...+7 күндүз +21...+26
Бишкекте түнкүсүн +13...+15 күндүз +28...+30 градус болот.