USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Карызды төлөңүздөр: Бишкекте 5 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

15:23, 21 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

23-24-сентябрда Бишкекте электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы карызы бар 5 миңден ашык абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу борбор калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришти.

Шаар тургундарынан электр энергиясы өчүп калбашы үчүн эсептерди өз убагында төлөө өтүнүлөт.

Эсепти Бишкек электр тармактары ишканасынын сайтындагы «Абоненттин эсеби» бөлүмү аркылуу текшерсе болот. Турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү карызды «Мой свет» уюлдук тиркемеси аркылуу да текшере алышат.

Электр энергиясы үчүн акыны төлөм терминалдары жана электрондук капчыктар, анын ичинде Quickpay, Pay24, UMAI, «Мбанк», О!, MegaPay жана «Элсом» аркылуу төлөөгө болот. Ошондой эле төлөмдөрдү бир катар банктардын кассалары жана «Кыргызпочтасы» бөлүмдөрү кабыл алат.

105 номери боюнча колл-борбор күнү-түнү иштейт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18