Сулайман-Тоону реконструкциялоо октябрь айында башталат
Сулайман-Тоону реконструкциялоо октябрь айында башталат. Бул тууралуу Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, буга чейин Дүйнөлүк банктын долбооруна ылайык 12 миллион долларга тендер жарыяланган.
«Учурда катышуучуларды баалоо жүрүп жатат, ошондуктан долбоорду ишке ашыруу бир аз созулуп кетти. Октябрь айында реконструкциялоо иштери башталат деп турабыз. Кеп жарыктандырууну модернизациялоо, Үңкүр музейи, объекттин айланасындагы чыйырларды жана жолдорду жаңылоо жөнүндө болуп жатат. Жашылдандыруу тоонун этегинде гана жүргүзүлөт. Кооздук дарактарын отургузуу пландалууда. Долбоор боюнча жооптуу болуп АРИС дайындалган», — деп белгиледи Мирбек Мамбеталиев.
Депутат 12 миллион доллар аз эмес акча экенин жана анын туура өздөштүрүлүшүн көзөмөлдөө керектигин белгиледи.
«Башка өлкөлөрдө, маселен, Греция менен Түркияда ЮНЕСКО жашылдандырууга уруксат берген, ал эми бизде болбойт дешет. Азыр тоодо аптаптан улам баары куурап турганда, сырткы көрүнүшү кейиштүү абалда. Эгер жашылдандыруу каралганда, көрүнүшү бир топ жагымдуу болмок», — деп эсептейт ал.
Буга министр мурда КРга ЮНЕСКОнун эксперттери келишкенин жана долбоор алардын сунуштарынын негизинде иштелип чыкканын жооп кылды.