Алтынбек Максутов: Көчмөндөр оюндары төрт жылда бир өтүшү керек
Кыргызстанда көчмөндөр оюндары аяктады. Бирок анын артында калган мурас, тажрыйба жана кийинки оюндарга даярдык маселеси эми талкуулана баштайт. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында маданий программанын башкы режиссеру жана көркөм жетекчиси болгон Алтынбек Максутов иш-чаранын даярдыгы, Кырчындагы этношаарчанын келечеги, чыгармачылык топтордун иши, костюмдар менен декорациялардын тагдыры жана эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди.
Ал ошондой эле Көчмөндөр оюндарын мындан ары өткөрүү, Кыргызстанда төрт жылда бир уюштуруу сунушунун себептерине токтолуп, бул иш-чаранын өлкөнүн маданиятын жана туризмин өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу пикирин бөлүштү. Маекте Максутовдун Голливуддагы чыгармачыл адистер менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү, мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы жана кийинки чыгармачылык пландары тууралуу да сөз болот.

— Алтынбек мырза, биздин студияга кош келипсиз! Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жыйынтыктап алдык. Бул Кыргызстан үчүн чоң жоопкерчилик болду. Сиздин мойнуңузга да чоң милдет жүктөлдү. Баары аяктагандан кийин кандай ойдо, кандай сезимде болуп жатасыз?
— Сезимдер аралаш. Бир жагынан чыгармачыл адам катары, экинчи жагынан мамлекеттик кызматта эки жолу иштеген адам катары чыгармачылык менен мамлекеттин ортосунда көпүрө болуп, биринин талабын экинчисине түшүндүрүүгө аракет кылдык.
Алдыда дагы аткарыла турган иштер көп. Анын үстүнө, «Той болор, тойдун эртеси да болор» дегендей, эми жыйынтык чыгарып, отчетторду беришибиз керек. Мамлекеттин чоң каражаты коротулду. Анын кайда, кандай жумшалганын бир тыйынына чейин эсептеп чыгуу зарыл.
Иш-чаранын эл аралык деңгээлге чыгып, дүйнөгө таанылганы бизди абдан сүйүндүрөт. Бул үчүн көптөгөн адамдар эмгектенди. Кыргыз эли да мунун баарына татыктуу жооп берип, өзүнүн маданиятын, өзүн алып жүрүүсүн, конок тосуу жөндөмүн көрсөтө алды. 2014-жылы башталган учурга салыштырмалуу кыйла өстүк.
— Баары жыйынтыкталгандан кийин өзүңүздүн ишиңизге канааттандыңызбы?
— 2024-жылдын 31-декабрында өкмөттүн деңгээлинде уюштуруу комитети түзүлгөн. Казакстандан келгенден кийин даярдыкты жок дегенде эки жыл мурда баштайлы деп аракет кылганбыз.
Бирок, баары бир, кеч баштадык деп ойлойм. 2025-жылдын сентябрь айында мени башкы режиссер, көркөм жетекчи кылып дайындашты. Ал эми негизги иш быйыл февраль айында башталды.
Ушул адатты жоюшубуз керек. Төрт, беш, он жыл алдыга пландаштырууга өтүшүбүз зарыл. Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү үчүн ушундай мамиле туура болот деп ойлойм. Өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын алышыбыз керек. Алар жыйырма, элүү, жүз жыл алдыга план коюшат.
Бизде болсо убакыт аз калганда баарыбыз чогулуп, мобилизация болуп, кадимки көчмөндөрдөй иштеген адат бар. Бул өзгөчөлүккө да баа бериш керек. Бирок бир күндүк жашоо менен чектелбей, өткөн иштерди талдап, сабак алып, алдыга план түзүүгө өтүшүбүз зарыл.
Көчмөндөр оюндарына келген туристтер да, жалпысынан Кыргызстанга болгон кызыгуунун өсүшү да экономикабызга пайда алып келет. Туризмден түшкөн каражаттын үлүшү көбөйөт деп ойлойм. Буга элибиз да даяр болушу керек. Ар бир аймакта, ар бир региондо тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу зарыл.
Ал эми өзүмдүн ишиме канааттануу тууралуу айтсам, мен чыгармачылык жана маданий программанын жетекчиси болдум. Ошол эле учурда спортко, илим багытына да салым кошуп, колдон келишинче жардам берүүгө аракет кылдык. Анткени Көчмөндөр оюндары башталгандан бери ушул иштин ичиндебиз.
Чыгармачыл адамдын ою токтобойт экен. Азыр деле «Бул жагын мындай кылсак болмок» деп, жетишпей калган жактарыбызды көрүп жатабыз. Ыраазы боло турган иштерге ыраазыбыз. Бирок дагы көп нерсени өзгөртүүгө болот деген ойдомун.
Сүйүндүргөнү — жаштарыбыз өсүп келе жатат. Дүйнө жүзүнүн бул иш-чараны позитивдүү кабыл алганы, келген туристтердин өздөрү блогерге айланып, көргөндөрүн бөлүшкөнү да кубандырды. Дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосу менен көп нерсени эл аралык деңгээлде көрсөтө алдык деп ойлойм.
— Маданий иш-чараларды даярдоодо сизге толук эркиндик берилдиби же кандайдыр бир чектөөлөр болдубу?
— Толук эркиндик берилди. Мындан тышкары, бардык зарыл болгон каражаттар да толугу менен бөлүндү. Бирок бул жерде дагы бир жоопкерчилик пайда болду. Анткени мындай чоң көлөмдөгү каражатты алып, аны туура пайдаланып, ар бир чыгымын көзөмөлдөп, тыкыр отчет берип, ошол жоопкерчиликти толук мойнуна ала турган финансылык операторлор бизде көп эмес экен.
Иш-чараларды уюштурган ивент-компаниялар да саналуу гана. Ошондуктан көпчүлүгү мындай чоң жоопкерчиликтен баш тартышты. Айрым министрликтер да мындай көлөмдөгү каражат жана жоопкерчиликти мойнуна алышкан жок. .
Ошого карабастан, биз иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек болчу. Кээ бир адамдар чоң жоопкерчиликти алып, кыйналган учурлар да болду. Бирок жыйынтыгында жакшы бүттү деп ойлойм.
Албетте, азыр дагы бүтө элек иштер бар. Курулуш иштеринин айрымдары уланууда, аларды аягына чыгаруу керек.
2014 - 2016 - 2018-жылдардагы өткөрүлгөн оюндардан айырмаланып, быйыл иш-чарада жөн гана программа өткөрүп коюу эмес, келечек муунга кала турган иштерди жасоого көбүрөөк аракет кылдык.
Мисалы, мамлекет тарабынан мени башкы режиссер кылып дайындашты. Ал эми Бишкек аренасын куруу жана анын ачылыш аземин өткөрүү Президенттин иш башкармалыгына тапшырылды. Маданий программа да ошол иштер менен бирге каралды. Ал эми сентябрдын биринен алтысына чейинки маданий иш чаралар, жабылыш аземиндеги маданий программаларга жооптуу кылып мени дайындашты. Бул иштер Маданият министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Биринчи маданий иш чарабыз өткөн жерди алалы. Бул - көчмөндөр цивилизациясынын борборлорунун бири болгон Курманжан датка музейи. Ал жерде мурда, 2016-жылы курулган бир гана имарат бар болчу. Аянты абдан чоң, бирок сыртынан караганда кейиштүү көрүнүштө эле. Музейди кармап, ичин иретке келтирүүгө аракет кылышкан, бирок сыртында дээрлик эч нерсе жок болчу.
Азыр ал жер таптакыр өзгөрдү. Биз үч багыт боюнча конкурс өткөрдүк. Биринчиси - кумдан өтө чоң көлөмдөгү жети скульптура жасоо. Экинчиси - таштан 16 скульптура жасоо. Үчүнчүсү - май боёк менен чоң форматтагы 45 картина тартуу.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө мамлекеттик тапшырык катары символикалык өлчөмдө каражат бөлүндү. Сүрөтчүлөр таштарын алып, бир айлап ошол жерде жашап, эмгектеништи. Ошол эле учурда жөн гана иштеп тим болбостон, симпозиумдарды өткөрүп, бири-бири менен тажрыйба алмашышты. Азыр Курманжан датка музейине барсаңыз, кире бериштен эле катышуучу мамлекеттердин желектери көрүнөт. Флагштоктордун баары даярдалды.
Ал эми маңдайында ар бир маданий иш-чара өтө турган жерге коюлган башкы сүрөтчүнүн жана башка сүрөтчүлөрдүн эмгектери бар. Көчмөндөрдүн символдору түшүрүлгөн, бийиктиги жети метрден он метрге чейинки стелалар жасалып, ар бир маданий иш-чара өтө турган жерге коюлду.
Андан кийин, албетте, көчмөндөрдүн өзүнө таандык дарбазасы болушу керек. Ал да жасалды. Анын артынан жети чоң кум скульптурасы коюлду. Кумдан жасалган скульптуралар убактылуу гана болуп калбашы үчүн атайын материалдар, клейлер колдонулду. Ошентип, аларды көпкө чейин сактап, зарыл болсо оңдоп-түзөп турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мындан тышкары, өзүбүздүн жергиликтүү ак жана сары таштардан жасалган 16 скульптура коюлду. Алар узак убакыт кызмат кылат.
Андан сырткары, конкурстан өткөн сүрөтчүлөрдүн 45 чоң форматтагы эмгеги даярдалып, алардын баары Курманжан датка музейине өткөрүлүп берилди.
Бул - келечек муун үчүн калган мурас. Кийин туристтер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көргөнү келгенде, ушул жерден ошол кездеги замандаштарыбыздын эмгектерин көрө алышат. Азыр барып көрсөңүз, көзүңүз кубана турган нерселер болуп калды.
Ошондой эле ачылыш аземинде «Биримдик кербени» менен алып келген суу, ар бир көөкөр жана музейлерге өткөрүлгөн башка буюмдар да ошол жерлерде калды. Алардын тарыхы жазылып, маалыматтары көрсөтүлдү. Ушундай жол менен көп нерсе калтырылды.
Кийинки жер - Рух Ордо. Анын багыты өзгөчө болду. Ал «Башат» деп аталып, байыркы ата-бабалардын обондоруна, күүлөрүнө жана ырларына арналды.
Бул жерде үч багыт боюнча эл аралык сынак өткөрүлдү. Биринчиси - айтуучулук өнөр, башкача айтканда, эпосторду, дастандарды аткаруу. Экинчиси - аспапчылык, башкача айтканда, байыркы күүлөрдү улуттук аспаптарда аткаруу. Үчүнчүсү - аспап менен коштоп ырдоо боюнча сынак.
Ал жерде да өтө жогорку деңгээлдеги сынактар өттү. Эң негизгиси, ар бир локациянын концепциясы бири-бирине окшошпойт.
Ал эми «Доорлордун айкалышы» деп аталган багытта биз «Nomad Fest» фестивалын өткөрдүк. Ал Дордой номад комплексинде өттү. Бул жерде төрт багыт боюнча эл аралык сынак уюштурулду: этно бий, этно мода, кол өнөрчүлөрдүн дүйнөлүк сынагы жана «Nomad Star» долбоору.
Кол өнөрчүлөрдүн сынагына өз тармагында эң мыкты уста деген деңгээлге жеткен чеберлер катышты. Ал эми «Nomad Star» сынагында ар башка мамлекеттердин өкүлдөрү биригип, дуэт түзүп, чыгармачылык жактан таймашты. Ушул төрт багыт боюнча эл аралык сынактар өттү.
Мындан тышкары, Кырчын жайлоосунда дагы эки чоң сынак болду. Алардын бири - айтыш. Анда кыргыз жана казак акындарынын айтышы өттү. Экинчиси - дүйнөлүк ашпозчулардын сынагы. Жалпысынан 10 эл аралык жана 13 республикалык деңгээлдеги сынак өткөрүлдү.
Ал эми Кырчын жайлоосунун өзү — биздин маданиятыбызды дүйнөгө көрсөтө турган өзүнчө чоң мейкиндик. Анын ичинде элүүгө жакын локация, өзүнчө ордолор жайгаштырылды. Бул чоң комплекс «Көчмөндөр ааламы» деп аталды. Анын негизги этношаарчасынын ичинде өзүнчө «Көчмөндөр айылы» болуп, ордолорго бөлүндү.
Андан тышкары, эски тарыхый кербен сарайдын концепциясында жаңы кербен сарай курулду. «Эски базар» өзүнчө жасалды. Ал эми «Кут Ордо» негизги трибуна катары курулду.
Спорттук оюндар өтө турган жерлерди кошкондо, жалпы аянты 100 гектарга жакын. Анын 52 гектарында трансформация жана капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.
Ат майданында «Көчмөндөр жаңырыгы» деген эл аралык деңгээлдеги этно-хит сынагы, ошондой эле дүйнөлүк хиттерди аткаруу боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги эстрада ырчыларынын таймашы өттү. Андан кийин жабылыш аземи болду.
Мунун баарын бир системага салып уюштуруу үчүн алдын ала даярдык абдан маанилүү эле. Эгер биз мынчалык чоң иш-чарага алдын ала даярданбасак, бул иштердин баарын уюштуруу абдан оор болмок. Анын үстүнө ошол мезгилде жаан-чачын да көп болду. Ошондуктан биз алдын ала бүтүндөй бир система түздүк.
— Маалымат айдыңында «казактар келип, жардам берип, ушул объектилерди куруп кетишти» деген сыяктуу сөздөр айтылып жүрдү. Ушул маалыматты тактап бере аласызбы?
— Маданий программанын башкы режиссеру мен болдум. Бирок бардык нерсеге жалгыз мен жооп берген жокмун. Мисалы, ачылыш аземи Президенттин иш башкармалыгынын карамагында болду. Анткени бул жерде ар бир локациянын өзүнүн коюучу топтору, башкы режиссерлору жана уюштуруучулары иштеди.
Ачылыш аземине болсо көп улуттуу эл аралык чыгармачыл топ тартылды. Казакстандык, улуту корей болгон адис ошол топту жетектеп, анын курамында Өзбекстандан, Кыргызстандан, Казакстандан жана Орусиядан келген адистер иштешти. Ошондой эле техникалык базалар боюнча да ар кайсы мамлекеттерден топтор тартылды.
Буга чейин өкмөт жана уюштуруу комитети тарабынан дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармачыл топторду тартуу боюнча тапшырма берилген. Көптөгөн дүйнөлүк деңгээлдеги коюучу топтор, башкы режиссерлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бирок алардын көбүнүн гонорары өтө чоң экен. Айрымдары беш миллион долларга чейин гонорар талап кылышты. Мындай чоң каражатты мамлекеттик деңгээлдеги бир иш-чарага жумшоо мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, биз буга чейин мамлекеттин деңгээлиндеги ири иш-чараларда иштеп жүргөн адистерди тартып, алардын тажрыйбасын пайдаландык.
Жыйынтыгында жогорку деңгээлдеги натыйжа көрсөтүлдү деп эсептейм.
— Сиз этношаарчада көптөгөн капиталдык курулуштар жасалганын айтып өттүңүз. Бирок сыртынан караганда айрым конструкциялар убактылуу, көпкө чыдабай тургандай сезилет. Алар кандай сакталат? Кийин бул жерде кандай иштер жүргүзүлөт?
— Биринчиден, ошол куруучуларга чоң ыраазычылык билдирем. Анткени алар өтө кыска убакыттын ичинде — бир жарым-эки айдын ичинде — аталган курулуштарды бүтүрдү. Бул абдан татаал иш болду.
Анткени бизде жүз жылдан ашуун убакыттан бери мындай тарыхый имараттар курулган эмес. Негизинен оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келген. Мисалы, Таш-Рабат, Бурана, Өзгөн сыяктуу тарыхый объектилер бар. Бирок ошолордон кийин жаңы тарыхый архитектуралык стилдеги имараттарды куруу боюнча чоң тажрыйба болгон эмес.

Бул бир жагынан идеологиялык себептерге байланыштуу болсо, экинчи жагынан мындай багытка жетиштүү көңүл бурулбай келген. Ошондуктан бул ишти биринчи тажрыйба десек болот. Ошол куруучуларга жана бул иштерди аткарууну мойнуна алган куруучуларга да ыраазычылык билдирем. Ошондой эле архитекторлорубуз менен бирге чоң иш аткардык.
Биз бул эски шаарчаны куруу боюнча беш-алты жылдан бери ар кандай варианттарды карап, иштеп келгенбиз. Башында бир топ чоң концепция сунушталган. Азыр ишке ашырылганы ошол сунуштардын болжол менен он пайызы гана десек болот. Анткени бардык нерсени кыска убакыттын ичинде куруу мүмкүн эмес эле.
Көпчүлүк: «Ушунча каражат жана эмгек жумшалды, муну кантип сактайсыңар? Көпкө чыдайбы?» — деп сурап жатышат.
Кырчын жайлоосунун аба ырайы өтө өзгөрмөлүү. Ал жерде жаан-чачын көп болот. Быйыл өзгөчө жаанчыл жыл болду. Кырчынга барганда өзүңүздөр да көрдүңүздөр — айлана-тегерек жапжашыл болуп турду. Негизи сентябрь айында ал жер кургап, чаң чыгып турушу керек эле. Бирок быйыл күн сайын жаан жаап, аба ырайы таптакыр башкача болду.
Биз курулушту баштаган эки айдын дээрлик бир айы жаан-чачын болду. Электр энергиясын жеткирүү, ширетүү иштерин жүргүзүү кыйын болду. Жаан жааганда ылай менен иштөө да мүмкүн эмес. Ошого карабастан, чоң кыйынчылыктар менен ишти аягына чыгарып, эл алдында уят болбогондой деңгээлге жеткирдик.
Иш-чара аяктагандан кийин, кийинки күндөн тартып эле оңдоо жана кайра куруу иштери улантылып жатат. Айрым кургай элек жерлер, курулуштагы текшерүүдөн кийин кемчилиги аныкталган бөлүктөр оңдолууда. Мисалы, суу агып кетүүчү жерлери туура эмес жасалган же айрым жерлери отуруп калган болсо, кайра шыбалып, оңдолот.
Негизи, бардык конструкциялар толук кургатылып, андан кийин бетоноконтакт менен иштетилип, үстүнөн атайын суу өткөрбөгөн лактар менен капталышы керек болчу. Айрымдары ушундай жол менен иштетилди. Ошондуктан аларга суу өтпөйт жана бул көпкөмсакталуусуна жардам берет.
Ал эми чыдамдуулугуна келсек, бул объектилердин баары негизинен кооздук үчүн курулган. Бирок ошого карабастан, көп жылга чыдасын деген максатта алардын негиздери темир, жыгач жана топурак сыяктуу материалдар менен бекемделип жасалды. Ошондуктан туура кам көрүп, өз убагында оңдоп турсак, бул объектилерди узак убакытка сактап калууга болот.
— Кийимдер абдан сонун тигилди, актерлор үчүн көптөгөн костюмдар даярдалды. Аларды эмне кыласыздар, кайда колдонулат, кимге өткөрүлүп берилет?
— Дүйнөнүн өнүккөн, бай мамлекеттеринде костюмдар көп учурда бир эле жолу колдонулат. Иш-чара аяктагандан кийин аларды бөлүп-жарып, айрым учурда жок кылып салышат. Ал эми бир автордун атайын чыгармачылык менен жасаган костюмун башка иш-чарага ылайыкташтырып кайра-кайра колдонуу туура эмес. Чыгармачылыктын негизинде мындай мамиле болбошу керек.
Бизде болсо андай эмес. Маданият министрлиги ар бир жооптуу мекемеге каражат бөлүп берди. Алар ар бир чыгармачыл топ менен түздөн-түз иштешти. Бул жерде кадимки тендер өткөрүү мүмкүн эмес, анткени автордук укук деген түшүнүк бар. Мисалы, ошол костюмду тиккен кыздын өзү — анын автору.
Ошондуктан ал костюм түздөн-түз ошол автордон буюртма менен тигилет. Андан кийин, мисалы, Кыргызстандын Орус драма театрына өткөрүлүп берилсе, министрликтен тиешелүү буйрук түшөт. «Костюмдар театрларга берилсин» же «Маданият сервисинин алдында атайын костюмердик фонд түзүлүп, ошол жерде сакталсын» деген чечим кабыл алынат.
Ал жерде костюмдар сакталат жана өзүн-өзү актоо үчүн ижарага берилет. Кийин чоң иш-чаралар болгондо ошол фонддон керектүү костюмдар тандалып, колдонулушу мүмкүн. Бизде ушундай жол менен костюмдарды сактап, кайра пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар.
Театрлар да өздөрү кайрылып: «Бизге мына бул костюм керек», — деп алышат. Андан кийин аны өздөрүнүн спектаклине ылайыкташтырып, костюм боюнча өз сүрөтчүсү аркылуу өзгөртүшү мүмкүн. Бирок бул жерде автордук укукту унутпашыбыз керек.
Башкача айтканда, мурда бир чыгарма үчүн атайын каражат бөлүнүп, ошол чыгарманын алкагында тигилген костюмду эч кандай өзгөртүүсүз башка коюлушка колдонуу туура эмес. Анткени анын автордук укугу бар. Ар бир костюмдун өзүнүн энергетикасы болот. Ошондуктан аны кайра-кайра колдонуу туура эмес деп эсептейм.
Негизи, мамлекет өнүккөн сайын жаңы костюмдарды тигип, жаңыча коюлуштарды жасоо керек экенин түшүндүм. Ар бир чыгарманын өзүнө тиешелүү костюму болгону туура.
Экинчиден, эгер биз дайыма мурдагы костюмдарды тандап алып эле колдоно берсек, жаңы ысымдар чыкпайт. Бизде жаңы костюм боюнча сүрөтчүлөр, жаңы костюмерлер, жаңы дизайнерлер пайда болбой калат. Ошондуктан жаңы чыгармачыл адамдарга мүмкүнчүлүк берип, алардын эмгегин алдын ала пландаштырып, колдоп турушубуз керек.
— Сизге көптөгөн чакыруулар болуп жатканын айтып калдыңыз. Анын ичинде Голливудга мастер-класс өткөрүүгө чакыруу алганыңызды да уктук. Ошол тууралуу айтып берсеңиз.
— Ооба. Башында мен деле бул жөн гана көңүл буруп, ыраазычылык билдирип койгон сөз болсо керек деп ойлогом. Кийин расмий чакыруу келди. «18-сентябрда келип кеткиле» деген чакыруу болду.
Көп мамлекеттер глобалдашуу процессинде өздөрүнүн маданиятын жоготуп коюшкан. Айрымдарынын маданияты классикага айланып, өздөрүнүн күүлөрүн, обондорун билбей калган өнүккөн мамлекеттер да бар.
Ал эми бизде, Кудайга шүгүр, бул нерсеге эч ким кийлигишкен эмес. Өзүбүз менен өзүбүз болуп, маданиятыбызды сактап келдик. Ошондуктан биздин маданият азыр өзгөчө жана кызыктуу болуп көрүнүп жатат. Буюрса, Голливудга да барабыз.
Бир-эки жылдан бери биз бир чоң долбоордун үстүндө иштеп келе жатабыз. Бул — чоң деңгээлдеги, олуттуу каражатты талап кылган долбоор. Дүйнөлүк продюсерлер, анын ичинде Голливудда иштеген адистер менен кызматташып жатабыз.
Азырынча атайын чыгарманын атын айта албайм, анткени алар менен такташышыбыз керек. Бирок биз тараптан долбоордун каражатынын 20 пайызын каржылоо, ал эми 80 пайызын алар көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Максат — дүйнөлүк деңгээлдеги чоң чыгарма, чоң картина тартуу. Аларга биздин маданиятыбыз абдан кызыктуу болуп жатат.
— Голливуд жылдыздары Кыргызстанга келип кетишти. Бирок алардын жеке жашоосуна байланыштуу сын-пикирлер да айтылды. Буга кандай жооп берет элеңиз?
— Алар өздөрү демилге көтөрүп, элчи-амбаcсадор болобуз деген сунуш менен келишти. Аларды алып келүүгө бюджеттен эч кандай каражат кеткен жок, спонсорлор жардам беришти.
Биз адамдын жеке жашоосуна аралашпашыбыз керек. Биз өзүбүздү меймандос элбиз деп айтабыз. Эгер адамдын жүрөгүнө Кыргызстан жагып, өзү каалап, «бул жакка келем» деп жатса, биз анын жеке жашоосуна кийлигишпешибиз керек.
Балким, ага өзүнүн жашоо образы жагат, балким, башка нерсе жагат. Бул — анын жеке иши. Биз үчүн эң негизгиси — анын Кыргызстанга келип, өлкөбүздү жактырып, эл менен таанышып, досторун же демөөрчүлөрүн таап, кайра келип жатканы.
Андан кийин бир адамдын жеке жашоосуна кирип алып, «сен мындай экенсиң, сен тигиндей экенсиң» деп айтуу — таптакыр туура эмес. Биз ар бир нерсеге сын көз менен карап, маалымат таратканда этият болушубуз керек.
— Сиз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чордонунда жүрдүңүз. Жалпы элдин маданияты, улуттук духу тууралуу эмне айта аласыз?
— Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталгандан бери 2014, 2016, 2018-жылдардан бери он эки жыл өттү. Ушул убакыт аралыгында элдин аң-сезими, ички байлыгы абдан өскөнүн көрүп, буга аябай ыраазы болдум.
Албетте, кыйынчылыктар да болду. Элдер топтолуп калган учурлар болду, жаан-чачын жааганда кезек күтүп турушту. Машиналарды күтүп отуруп, ырдап-бийлеп, гимнди ырдашты. Кайра ордолорго барып, бийлеп, оюндарды аябай жакшы колдоп кетишти.
Эң негизгиси — туристтерге өзүнүн меймандостугун көрсөтүштү. Улуттук дух абдан күчтүү болду.
— Сиз буга чейин мындай чоң иш-чараларга көп жыл даярдануу керектигин айтып өттүңүз. Сиздин оюңузча, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын канча жылда бир өткөрүү туура болот? Толук кандуу даярдануу үчүн кандай мөөнөт керек?
— Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алгач спорттук мелдеш катары башталган. Оюндар өнүгүп, масштабы кеңейе баштаганда, аны эл аралык деңгээлге чыгаруу идеясы пайда болду. Анткени ар бир адам таймашты жакшы көрөт. Ошондо: «Эмне үчүн биз Олимпиада оюндары сыяктуу эле дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеш түзбөшүбүз керек?» деген ой жаралган.
Негизги максат — Кыргызстандан чыккан бул оюн дүйнө жүзүн кыдырып, Кыргызстанды тааныткан эл аралык брендге айлансын деген ниет болгон.
Мунун дагы бир жагы бар. Биз менен иштешип жүргөн айрым чет мамлекеттердин өкүлдөрү: «Кыргызстан дүйнө жүзүнө тааныта турган туруктуу брендди таап алды. Эгер силер ушундай чоң мүмкүнчүлүккө ээ болсоңор, аны жөн эле башка мамлекеттерге бере бересиңерби? Бул чоң бриллиант таап алып, аны эч нерсе болбогондой эле берип жибергенге окшош болуп калат», — деп айтышкан.
Бул боюнча чындап эле талаш-тартыштар болгон. Анткени Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанды позитивдүү багытта таанытууга чоң мүмкүнчүлүк берди. 2026-жылы бул иш-чара дүйнөлүк деңгээлдеги чоң окуяга айланды.
Мындан бир нече жыл мурун, 2024-жылы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанга кайра алып келүү маселеси талкууланганда, мамлекет башчы Садыр Жапаров менен мен министр болуп турган учурда да бул тууралуу сөз болгон. Ошондо: «Эмне үчүн оюндарды кайра Кыргызстан өткөрүшү керек? Башка мамлекеттерге да мүмкүнчүлүк берели, алар да өткөрүп көрсүн», — деген пикирлер айтылган.
Бирок бул жерде эки маанилүү жагдай бар. 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын башка мамлекетке өткөрүп бергенде, тиешелүү документтер толук иштелип чыккан эмес. Башка мамлекеттер да оюндарды өткөрүп көрсүн деген жакшы ниет менен өткөрүп бергенбиз. Кийин бул бир топ кыйынчылыктарга жана талаш-тартыштарга алып келди.
Айрым учурларда оюндардын деңгээли төмөндөп кеткен учурлар да болду. Албетте, бардык мамлекеттерди бирдей баалоого болбойт. Мисалы, Түркияда оюндар жакшы деңгээлде өткөрүлдү. Бирок айрым жерлерде уюштурууга байланыштуу маселелер жаралды. Кээ бир оюндар баштапкы концепциядагыдай масштабдуу эмес, чакан аймакта, бир гана локацияда өткөрүлүп калган учурлар болду.
Башында белгиленген айрым талаптар жана максаттар толук аткарылбай калгандыктан, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанга кайра алып келип, бардык маселелерди документалдык жактан так жөнгө салуу чечими кабыл алынды.
Азыр бул багытта чоң иштер жүргүзүлдү. Маданий бөлүгү боюнча 51 документ даярдалды, спорттук багыты боюнча да бардык тиешелүү документтер иштелип чыкты. Учурда катчылык түзүлүп, бардык документтер ошол жерде системалаштырылууда. Алар үч тилде — кыргыз, орус жана англис тилдеринде даярдалып, тиешелүү талаптар так жазылды. Бул келечекте ар кандай талаш-тартыштардын жана түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу үчүн маанилүү.
Мындан тышкары, азыр Жогорку Кеңеште тиешелүү мыйзам долбоору турат. Эгер мыйзам кабыл алынып, колдоо тапса, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү тартиби мыйзамдык негизде бекемделет.
Сунушталып жаткан тартипке ылайык, 2028-жылы оюндар Татарстанда өтөт. 2030-жылы кайра Кыргызстанда өткөрүлөт, 2032-жылы башка мамлекетке берилет, ал эми 2034-жылы кайрадан Кыргызстанга келет. Башкача айтканда, оюндар төрт жылда бир Кыргызстанда өтүп, калган учурда башка мамлекеттерде уюштурулуп турат.
Эгер башка мамлекеттер оюндарды жакшы деңгээлде өткөрсө, бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аброюн дагы да жогорулатат. Ал эми кайсы бир жерде деңгээл төмөндөп кетсе, Кыргызстан өзүнүн тажрыйбасы менен кайрадан жогорку деңгээлди көрсөтүп, оюндардын стандартын күчөтүүгө салым кошо алат.
Менин оюмча, бул Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө, өзгөчө туризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошот. Анткени оюндар Кыргызстанда өткөн сайын өлкөбүзгө болгон эл аралык кызыгуу күчөйт.
Төрт жылда бир жолу оюндарды өткөрүп туруу бизге жакшы даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Төрт жыл бою инфраструктураны өнүктүрүп, программаны даярдап, туристтерди тартуу боюнча иштерди жүргүзө алабыз. Эгер бул системаны туура иштетсек, төрт жылда бир дүйнөнүн көңүлүн Кыргызстанга буруп турууга болот.
Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жалпысынан канча каражат кеткенине байланыштуу так маалымат азырынча толук чыга элек болушу мүмкүн. Себеби бул жерде бир гана оюндарды уюштурууга кеткен чыгымдар эмес, курулуш иштери, инфраструктуралык долбоорлор жана ар бир министрлик менен мамлекеттик органдардын өзүнчө аткарган чоң иштерине кеткен каражаттар да бар.
— Азыр кайсы жаны долбоорлор менен алексиз?
— Ал эми өзүмдүн кийинки ишмердүүлүгүм тууралуу айтсам, буга чейин Москвадагы ишимди аяктап, Кыргызстанга кайтып келгем.
1993-жылдан баштап 2025-жылга чейин, министрликтен кеткенге чейин, мамлекетте тынымсыз иштеп келдим.
Чыгармачылык жаатында жакшы сунуштар түшө баштагандыктан, өз алдынча иштеп көрөйүн деп чечтим. Азыр бир жылдан бир жарым жылга жакын убакыттан бери жеке ишкер катары, чыгармачылык ишкер катары, эвент-компания жана чыгармачыл топтор менен иштешип келем.
Ар бир адамдын жашоосунда өзгөрүүлөр болуп турат экен. Анын үстүнө мурда жакшы көргөн нерселериңе болгон көз карашың да убакыт өткөн сайын өзгөрөт экен. Ар бир адам кайсы бир учурда жашоонун маңызын издей баштайт.
Бир эле нерсени улам-улам кайталап жасай берсең, эл да тажайт, өзүң да чарчайсың. Ошондуктан көп нерсеге башкача ракурстан карап, өзгөртүүлөрдү киргизүү керек экен. Азыр дүйнөлүк деңгээлдеги чоң сунуштар да көп түшүп жатат. Бирок чоң ийгиликтерге аралашып жүрүүнүн дагы башка жагы бар экен. Мисалы, үй-бүлөңө жетиштүү көңүл бөлө албай каласың, ошол эле учурда өзүңдүн жеке жашооң кандай өтүп жатканын да байкабай каласың.
Ошол эле учурда мамлекеттин патриоту катары жана чыгармачыл адам катары мамлекеттен тапшырма болсо, бир да жолу баш тарткан жокпуз.
— Сиз эки жолу министр болуп иштедиңиз. Мамлекеттик кызматтагы тажрыйбаңыз чыгармачылык чөйрөңүзгө кандай таасир берди? Эмнени үйрөндүңүз?
— Биринчи жолу министрликке келгенде мамлекеттик түзүмдөр кандай иштей турганын, министрликтин ичиндеги процесстер кандай жүрөрүн билчү эмесмин. Кыялкеч адам катары келгем. Бирок 2014–2016-жылдары, дээрлик эки жыл иштеп, көп нерсени үйрөндүм. Министрликтен көп сабак алдым жана бул тажрыйбага абдан ыраазымын.
Анткени чыгармачыл адамдын ой жүгүртүүсү таптакыр башкача болот, ал эми мамлекеттик кызматтын өзүнүн талаптары жана иштөө системасы бар. Экөө эки башка тилде сүйлөгөндөй сезилет. Кээде бири-бирин түшүнүү да кыйын.
— Алтынбек мырза, эгер сизди үчүнчү жолу жетекчилик кызматка чакырышса, кайра бармак белеңиз?
— Мен биринчи жолу министр болуп турганда эле: «Экинчи жолу бул жакка барбайм», — деп айткам. Анткени ал кызматта аябай запкы жегем. Бирок турмушта баары буйруктан болот экен.
Баары эле «болом» десе боло бербейт экен, айрым нерсе тагдырга байланыштуу болот. Азыр мен «жок, барбайм» же «барам» деп так айтсам да жаңылышышым мүмкүн. Ошондуктан маңдайга эмне жазылганын көрөбүз.
Бирок Кыргызстанга кандай кызмат кылсак, ошол эле учурда адамзатка пайдалуу иштерди жасасак, анда Кыргызстанды дүйнө жүзү андан да жакшы тааныйт деп ойлойм.
— Сиз жаш кезиңизде музыкалык аспаптарды жасоо менен алектенчү экенсиз. Ал кезде бул киреше табуунун бир булагы болгонбу же жөн гана хоббиңиз беле? Азыр да улантып жатасызбы?
— Биринчиден, бул менин кызыгуумдан улам пайда болгон. Чыгармачыл адам бир нерсеге чындап кызыгып калса, ошол нерсеге берилип кетет. Баарын таштап коюп, ошону жасаганга чейин жетет.
Экинчиден, ал иш мага ошол учурда каражат табууга да аябай жардам берди. Анткени ал кезде мындай муктаждык көп болчу. Биз театрда — азыркы Арсен Өмүралиев атындагы театрда — эртең мененки саат тогуздан түнкү он экиге чейин иштечүбүз. Жокчулук мезгил болчу. Өз колубуз менен ар кандай буюмдарды жасап, жан багууга туура келген учурлар болду.
Ошол эле учурда чыгармачылыктан алыстап кетпейин деген максатта бул ишти искусствонун дагы бир багыты катары кабыл алдым. Мастерлер, ошол тармактагы академияны бүтүргөн жаштар менен чогуу иштеп, тажрыйба топтодум.
Бир убакта абдан жакшы киреше таап баштадым. Акча көбөйгөн сайын, чыгармачылык акырындап коммерцияга айланып кетти. Башкача айтканда, искусство эмес, продукция жасоого көбүрөөк басым жасап калганымды кийин түшүндүм.
Мени керамист, карапачы катары таанып, ар кандай телеберүүлөргө көп чакыра башташканда, өзүмдүн негизги максатымдан тайып баратканымды сездим. Ошондуктан бул ишти токтотуп, цехимди жаптым. Ал кезде жыйырмадай бала менин кол алдымда иштечү. Баарын таратып, өзүмдүн негизги кыялым — режиссурага кайра кайтууну чечтим.
Мен музыка багытында да, сүрөт жаатында да билим алганмын. Кино тармагын да изилдегем. Мунун баары режиссурада ар кандай чыгармачыл адамдар менен иштешкенде алардын тилин түшүнүүгө жардам берди.
Ошондуктан филармонияда башкы режиссер же көркөм жетекчи болуп турганда музыканттар менен тил табышуу мен үчүн жеңил болду. Алардын тилин түшүнөм, нотаны билем, оркестровка деген эмне экенин, кайсы аспап кандай мүмкүнчүлүккө ээ экенин түшүнөм. Ар бир музыканттын кандай кыйынчылыктары болушу мүмкүн экенин да билем.
Мен музыкалык мектепте эки жолу окугам. Күрөңкеев атындагы окуу жайда да билим алгам. Бул тажрыйбалар композиторлор жана музыканттар менен иштешүүдө чоң жардам берди. Сүрөтчүлөр менен дээрлик он беш жылдай иштештим.
Керамиканы болсо колум бошогондо кайра улантайын деген оюм бар. Азыр деле анын баары үйүмдө турат. Кудай буюрса, убакытты туура бөлүштүрүп, бул өнөрдү дагы башка деңгээлге чыгарсам деген максатым бар.
— Чыгармачыл адамды чыгармачыл адам гана түшүнөт дешет. Сиздин жубайыңыз да чыгармачыл адам экен. Үй-бүлөңүздүн колдоосу сиз үчүн канчалык маанилүү?
— Албетте, үй-бүлөдө өмүрлүк жарың түшүнүп, колдоо көрсөтпөсө, мындай чоң иштерди аткаруу абдан кыйын. Жубайым Талайкан Абазова да чыгармачыл адам. Ал мени түшүнүп, колдоо көрсөтүп келгенинин аркасында ушундай чоң иш-чараларга катышып, иш алып бара алдым деп ойлойм.
Анткени ар бирибиздин үй-бүлөбүз, балдарыбыз, туугандарыбыз бар. Аларга да убакыт бөлүшүбүз керек. Жубайым ошол иштердин көбүн өзү аткарып, балдарымды карап, туугандарыма да туура мамиле жасап, мени түшүнүп келди. Мунун баары чыгармачыл адам үчүн абдан чоң колдоо.
Чыгармачыл адамды түшүнүү кээде кыйын. Чыгармачыл адам дайыма бычактын мизинде жүргөндөй болот. Бир жагына ооп кетсең — «жинди», экинчи жагына ооп кетсең — «гений» болуп каласың. Ошондуктан ошол эки нерсенин ортосундагы тең салмакты кармоо абдан маанилүү.
Эгер өтө эле ашынып кетсең, көпчүлүк сени түшүнбөй калышы мүмкүн. Анткени сен башка дүйнөгө кирип кетесиң. Ошол учурда үй-бүлөнүн ролу, анын колдоосу абдан чоң.
Мисалы, мен бир иш менен катуу алек болуп жатканымды досторум да билишет. Ошол учурда жаныма келишпейт, телефон чалып тоскоол болушпайт. Классташтарым, курсташтарым да ошондой. Ар бири өзүнүн ишин кылып, менин жооптуу жумушта экенимди түшүнөт. Жашоо ушундай экен.