USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Минкаб: «1 -октябрдан тарта орточо пенсия дээрлик 13 миң сомду түзөт»

14:05, 21 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 21-сентябрда аппараттык кеңешме өткөрдү. Анда аткаминерлер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин талкуулашканын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде өзгөчө көңүл 1-октябрдан тарта пенсияларды жогорулатууга бурулду. Индексациядан кийин пенсиянын орточо өлчөмү 12 миң 898 сомду, ал эми орточо жогорулатуу 1 миң 753 сомду түзөт. Адылбек Касымалиев пенсионерлер төлөмдөрдү өз убагында алуусу үчүн бардык зарыл иштерди мөөнөтүндө аяктоону тапшырды.

Муну менен катар кеңешмеде жарандарды жумушка орноштуруу маселеси талкууланды. Жумуш издөө жана кызмат орундарына жайгаштыруу үчүн Jumush.gov жана Find-ish санариптик платформалары ишке киргизилгендиги белгиленди.

Күн тартибиндеги дагы бир маселе аймактардагы Беккари чуңкурларынын абалы болду. Жооптуу органдарга аларды толук инвентаризациялоо, техникалык жана санитардык абалын текшерүү, зарылчылык болсо объекттерди тартипке келтирүү тапшырылды.

1

Маалымат катары:

Беккари чуңкурлары — бул тарптарды жана биологиялык калдыктарды коопсуз көмүү үчүн атайын жайлар. Алар инфекциялардын жайылышын алдын алуу үчүн колдонулат.

 Минкаб башчысы биологиялык калдыктарды утилизациялоонун заманбап ыкмаларын, анын ичинде инсинерацияны — атайын түзүлүштөрдө жогорку температуралык термикалык утилизациялоо мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү тапшырды.

Кеңешмеде үстүбүздөгү жылы социалдык объекттерди жана өнөр жай ишканаларын куруу жана пайдаланууга берүү маселелери да каралды. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18