Ош шаарында жаңы филармония курулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Ал депутат Салтанат Аманованын иштеп жаткан филармониянын имараты оңдоп-түзөөгө муктаж экенин, бирок бөлүнгөн каражат толук кандуу реконструкциялоого жетпей жатканын айткан суроосуна ушундай жооп берди. Ошондой эле депутат музыкалык мектептин жана Султан Ибраимов атындагы Драма театрынын кейиштүү абалын белгиледи.
Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө Оштогу филармониянын имараты талап кылынган стандарттарга жооп бербейт.
«Ошондуктан түштүк калаанын мэриясы менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Учурда филармониянын жаңы имараты үчүн жаңы жер тилкеси изделип жатат. Андан кийин каржылоо бөлүнөт», — деп кошумчалады