Азия оюндары −2026. Дастан Каныбек уулу Кыргызстанга алгачкы медалды алып келди
Дастан Каныбек уулу Японияда өтүп жаткан Азиат оюндарында Кыргызстандын курама командасынын куржунуна биринчи медалды алып келди. Бүгүн оюндардын алкагында ММА боюнча мелдеште жарым финалдык беттештер өтүүдө.

Биздин мушкер 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Дастан Каныбек уулу таймашка кечээ чыккан. Биринчи беттешинде ал япониялык спортчу Кодзиро Накасиманы 3:0 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалда да кыргызстандык мушкер Ирандын өкүлү Чаедифар Аминден басымдуулук кылган (3:0).
Бүгүн финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Дастан Каныбек уулу Өзбекстандын өкүлү Фирдавс Атамуратов менен кез келди.
Кыргызстандык спортчу 0:2 эсебинде утулуп, жыйынтыгында үчүнчү орунду ээледи. Ал татыктуу түрдө коло медалды багындырды.