USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталды

11:33, 21 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

11-сентябрдан 18-сентябрга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери республика боюнча жол кыймылынын эрежелерин бузган 23 миң 411 учурду аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Алардын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 5 184;
  • мас абалында унаа башкаруу — 404;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 298;
  • авто ээнбаштык — 46;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 1 856;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 12 630;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 993 унаа айып короого токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18