Кыргызстанда «Арашан» тукумундагы койлордун эл аралык фестивалы өттү
«Арашан» тукумундагы эт-май багытындагы «Арашан» асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казстандан келген фермерлер, ата мекендик малчылар жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.
Ал «Арашан» койлорун экспортко чыгаруу, асыл тукум статусун алуу жана фермерлер үчүн 3% жеңилдетилген насыя мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
«Арашан» койлорунун санын көбөйтүү, сапатын жогорулатуу жана эл аралык рынокко чыгаруу — мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири.
Эл аралык фестиваль тажрыйба алмашууга, кызматташтыкты кеңейтүүгө жана ата мекендик асыл тукум кой чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

