Чаткал районунда айдоочу аюуну кубалаган видео тарады
Чаткал районунун Терек-Сай айылында айдоочу унаасы менен аюуну кубалап бараткан учурун видеого тартып алган. Бул кадрлар социалдык тармактарга тарады.
Авторунун айтымында, видео жаныбар калктуу конушка жакын келип калган. Ошондуктан жергиликтүү тургундар аны тоо тарапка карай кубалап жиберүүнү чечишкен.
Алардын тиешелүү кызматтарга кайрылган-кайрылбаганы жана кубалоо учурунда аюу жабыркаган-жабыркабаганы тууралуу кабарланган жок.